Дүйнө
Өзбекстанда майдын акыркы күндөрү аба-ырайы рекорддук температурага жетти

Өзбекстандын аймагында күн катуу ысып, кечээ абанын температурасы 35-39 градуска чейин жеткен. Өлкөнүн түштүк аймагында 39-40 градус, айрым чөлдүү аймактарда 44 градуска чейин күн ысыды, — деп билдирет «Узгидромет» метеорологиялык кызматы.
Адатта Өзбекстанда май айынын аягында аба ырайы мынчалык ысыбайт.
Алсак, Ташкентте май айында абанын катуу ысышы 1902-жылы катталып, анда 39,9 градуска жеткен. Акыркы 20 жылдын ичинде май айындагы абанын температурасынын жогорку ысышы 38,6 градус болгон (2004-жылы).
Abal.kg