Саясат

Ушундай кыраалда Өкмөттүн туруктуу болушу маанилүү. Саясатчылардын пикири

Мындан эки күн мурун Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев радио жыштыгыктарды сатуу тууралуу тергөө иштери учурунда кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыккан.  Абылгазиевдин кыска убакытка эс алууга кеткени тууралуу депутаттар, саясатчылар өз пикирлерин билдиришти.

Бул тууралуу депутат Иса Өмүркулов  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсү тууралуу пикирин билдирип: «Менин оюм боюнча, ал туура кылды», — деп айтты.

“Эки жуманын ичинде иликтөө-тергөө иштери аяктап, баары белгилүү болуп калат”,- деди депутат. «Коалициялык көпчүлүктөн чыгууга негиз жок. Премьер-министр иштен кеткенден кийин дароо Өкмөт отставкага кетет жана кайрадан жаңы Өкмөт түзүлөт. Баары жакшы болот деп үмүттөнөбүз. Эгер Өкмөт алмашса, анда парламент Төрагасынын ыйгарым укуктарын тастыктоо зарылдыгы жаралат. Жогорку Кеңештин ишинин аяктарына бир ай калганда отставкалардын кереги барбы? Анын үстүнө ушул кырдаалда Өкмөттүн туруктуу болушу маанилүү. Коронавирус жана экономикалык маселелер чечилиш керек. Азыр кандайдыр бир өзгөртүүлөргө баруу мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбейт», — деп белгиледи  Өмүркулов.

“Жогорку Кеңештин трибунасында айтылган сөздөрдүн баардыгы тиешелүү органдар менен иликтенүүсү керек”, — деп  билдирди Кыргызстан фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков.

Анын айтымында радиожыштыктар тууралуу ишке Премьер-министрдин да тиешеси бар деген билдирүү да иликтениши керек.

“Премьер-министр эмгек өргүүсүнө чыгып кеткени, бир жагынан, туура болду деп эсептеймин”, — деди депутат. 

Батырбеков азыркы Жогорку Кеңеште болуп жаткан кырдаал боюнча азыр кайра түзүүгө убакыт да, кажети да жок экенин айтып, көпчүлүк коалициядан чыгуу маселеси көтөрүлбөгөнүн билдирди. Ошону менен бирге акыркы чечим иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен кабыл алынат деп кошумчалады.

“Мухаммедкалый Абылгазиев радио жыштыктарды сатуу тууралуу тергөө иши учурунда эмгек өргүүгө кетип туура кылды”. Мындай пикирин Vesti.kg маалымат булагына экс-премьер-министр Феликс Кулов да билдирген.

— «Анын дарегине өтө олуттуу айыптоо айтылып, аны өргүүгө кетүүгө аргасыз кылды. Бул туура чечим, — деп белгиледи Кулов. – Айыптоолорго тийиштүү айта турган болсок, өкмөт коллегиялык орган жана премьер тарабынан кабыл алынган чечимдер дагы коллегиялык болуп саналарын эстен чыгарбоо керек. Ошондуктан тергөөнүн жүрүшүндө жыштыктарды сатуу премьердин жеке чечими менен демилгеленгендигин же мунун үстүндө башка адамдар иштегенин аныктоо маанилүү. Анткени Өкмөт башчыга күн сайын кол коюуга жүздөгөн иш-кагаздарын алып келишет жана ал бардык кагаздарды окуп чыгууга жетишпей турганы түшүнүктүү».

Феликс Шаршенбаевич бул жагдайды башка өңүттөн алып караганда, шайлоонун алдында Өкмөттүн отставкага кетиши акылга сыйбаган көрүнүш болорун кошумчалады.

— Жакында парламент каникулга кетет, ал эми күзүндө, шайлоодон кийин министрлер кабинетинин тарашы күтүлөт, — деп белгиледи. – Эгерде жаңы премьер келсе, анда ал шайлоого чейинки убактысын, абалды түшүнүүгө гана кетирет,- деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев радиожыштыктын сатылышы менен байланыштуу чуудан улам эмгек өргүүсүнө кеткени кабарланган. Азырынча Өкмөттүн ишине биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов координация жүргүзөт.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button