Пайдалуу кеңештер

Эмне үчүн беткап менен колкапты көчөдө дайыма кийип жүрүш керек. Адистин айтканы

Эмне үчүн көчөдө дайыма беткап менен колкапчан (мээлей) жүрүш керек?  Анткени социалдык обочолонууну (1,5 – 2 метр) баардык эле убакта сакташ мүмкүн эмес, дешти Роспотребнадзордун адистери. Бул туурасында 28майда РИА Новости билдирди.   

Көпчүлүк учурда адамдар менен тыгыз контакта болуудан качуу кыйын болот, айрыкча жөө жүргөндө, өткөөлдөрдө, же болбосо аялдамаларда. Ошол эле учурда, бир жолку сейилдөөдө беткапты бир нече жолу алып, кайра бир  нече жолу тагынганга болбойт.

«Ушундай жол менен инфекцияны беткаптан дененин терисине оңой эле жугузуп койсо болот», — деп белгилешти  адистер.

Мурунку күнү Москванын мэри Сергей Собянин беткап режиминин мындан ары өтө катуу болоорун жарыялады. 1-июндан тартып, сейилдегенде жана спорт менен машыкканда борбордун тургундары коргонуучу каражаттарды сөзсүз пайдаланууга милдетттүү.

Мурда беткапты жана колкапты кийүү эл чогулган жердерде жана коомдук унаада гана талап этилген болчу.  

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button