Окумуштуулар: Күндүн нуру коронавирусту 15 минутта өлтүрөт

Күндүн нуру предметтердин үстүндөгү коронавирусту өтө эффективдү жок кылат, деп билдиришти АКШнын биологиялык коркунучка каршы туруу жана анализдөө Улуттук борборунан. Бул туурасында The Journal of Infectious Diseases жазып чыкты деп, 29-майда Life.ru билдирди.
Окумуштуулар түндүк кеңдигининин 40 градусуна мүнөздүү климаттын моделин түзүшкөн, деп айтылат. Эске сала кетсек, так ушул параллелде CoViD-19дан өтө жабыр тартышкан мамлекеттердин жана аймактардын территориялары жайгашкан:Кытай, Италия, Испания, АКШнын түштүгү ж. б.
Ушул климаттык зоналарга туура келе турган шартта болот пластиналардын үстүнө SARS-Cov-2 коронавирус инфекциясынын үлгүлөрүн жайгаштырышкан. Патогендик бөлүктөр бул пластиналарга бир жагынан жасалма жол менен алынган шилекейде, а экинчисинде «культивация» болгон – башкача айтканда аларга максималдуу туура келе турган табигый чөйрөдө жайгаштырылган.
Изилдөөчүлөр чырактардын (лампа) ар түрдүү кубаттуулугуна туура келе турган жарыгында вирустар эмне болоорун текшерүүнү көздөшкөн.Чак түштөгү күндүн деңгээлине барабар келген интенсивдүү жарыкта шилекейдеги коронавирус 7 минутада жок болгон. Ал эми аларга ылайыкташкан табигый чөйрөдө чырактар инфекция козгогучтарды 14 минуттан ашыгыраак мезгилде нейтралдаштырышкан. Ал түгүл үлүңдөгөн жарык да SARS-Cov-2 менен күрөшөөрүн, бирок ал жайыраак ишке ашаарын белгилешет, окумуштуулар.
Эскерте кетсек, бул маалыматтар күн нурунун пайдалуу касиеттеринин тизмесин толуктады – белгилүү болгондой күн иммунитети көтөрө турган D витамининин булагы болуп саналат.
Abal.kg