Пайдалуу кеңештер

Россиянын экс-санврачы үйлөрдүн подъездинде беткап тагынып, колкап кийгиле деп эскертти

Мамдуманын билим берүү жана илим боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Россиянын мурдагы санитардык врачы Геннадий Онищенко, вирусту жуктуруп алуу тобекели чоң «таакыр эстен чыккан» жай жөнүндө айтып берди.  «Менин баам боюнча үйдүн подъезди — эпидемияга каршы чараларды өткөрүүдөгү  эң «унутулган» жер болуп саналат», — деди ал «Парламентская газета» менен болгон аңгемелешүүсүндө.

Ал квартирадан подъезге чыкканда эле өзүңөрдү максималдуу түрдө коргой тургандай болгула: беткап тагынып, колкап кийип чыккыла, деп эскертти ал.

«Подъезд да коомдук жай болуп саналат! Элдин баары жумушка чыккан маалда илдетти жуктуруп  алуу коркунучу чоң болот», — деп түшүндүрдү Онищенко.

Өлкөдө подъезддер «адатта, ушунда долбоорлонгон – аларга эч кандай күн тийбейт», андыктан вирус анда көпкө сакталышы толук ыктымал.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button