«Москва слезам не верит» фильминдеги актрисанын күйөөсү коронавирустан каза тапты

«Москва слезам не верит» фильминдеги Наталья Вавилованын күйөөсү, режиссер жана сценарист Самвел Гаспаров Москавада коронавирустан каза тапты. Наталья Вавилованын өзүнө да коронавирус жукканы бышыкталды. Бул туурасында 360 tv.ru 29-майда маалымдады.
Гаспаровдун көз жумганы туурасында Uzbekistan Armenian Magazine порталынын башкы редактору Георгий Сааков фейсбукта кабаралаган.
«Кейиштүү кабар. Өтө.Самвел Владимировичке жеңилүү мүнөздүү эмес болчу, бирок наалат алгыр коронавирусту жеңе алган жок …» — деп жазды ал.
Сааков Наталья Вавилованын тез арада сакайышын тилеп, үй-бүлөөсүнө көңүл айтты.
Самвел Гаспаров 1938-жылы Тбилисиде туулган. ВГИКти аяктаган: атактуу Михаил Роммдон окуган. Гаспаровдун фильмдери советтик мезгилде өтө популярдуу болгон. Фильмдеринин арасында «Шестой», «Хлеб, золото, наган» ж. б. атактуу тасмалары бар.
Наталья Вавилова экөө 1979-жылы «Москва слезам не верит» тасмасы тартылып жатканда таанышышкан. Актриса анда башкы каармандын кызын – Александраны ойногон. Көп өтпөй эле экөө үйлөнүп алышкан.
Abal.kg