Бүгүн Түштүк Корея менен Филиппинден 58 кыргыз жараны мекенге кайтып келди

2020-жылдын 29-майында «Манас» эл аралык аэропортуна Сеул-Бишкек-Сеул багыты боюнча эки тараптуу чартердик рейс каттамы келди. Аталган рейс менен Кыргыз Республикасынын 58 жараны Кореядан жана Филиппинден мекенине кайтып келишти. Бул тууралуу COVID-19 боюнча Кыргыз Республикасынын башкы штабынан кабарлашты.
Бул рейс, Корея Республикасынын, Япониянын жана Америка Кошмо Штаттарынын жарандарын Кыргызстандан чыгарып кетүү боюнча Корея тарап менен жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында уюштурулган.
Учурда келгендердин баары медициналык процедуралардан өтүп жатышат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмасына ылайык, чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын, анын ичинде өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосу жана көмөгү менен кайтаруу иштери улантылууда.
Abal.kg