Дүйнө
Россияда COVID-19дун кабылдоосун алдын алуучу дармек бейтаптарды дарылоого берилди

Россияда коронавирус инфекциясынан өтө оор кабылдоого дуушар кыла турган цитокин штормун алдын алуучу биринчи атамекендик дармек катталды, деп билдирди pravda.ru порталы, 27-майда.
Бул туурасында Биринчи каналдын эфринде Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко билдирди.

«Дармек өткөн жумада катталып, клиникалык практикага кирди. Дагы бир вируска каршы дармектин, азырынча атын айтпай кое турайын, ушул жумада сыноосу аяктайт», — деди министр Мурашко.
Abal.kg