Коом

Нарын ОИИБнин жетекчиси жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен элге кайрылуу жасады (фото)

Бүгүн  30-май күнү Нарын ОИИБнин начальнигинин убактылуу милдетин аткаруучу милициянын подполковниги С.Аманкулов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте COVID-19 жугуштуу илдеттин алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча коюлган талаптарын аткаруу максатында эл көп чогулган жерлерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Анда Нарын шаарынын борбордук базарында, азык- түлүк сатуучу дүкөндөр жана тамактануучу ашканалар санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринин туура сактап жаткандыгы боюнча текшерилип, тийиштүү чаралар көрүлдү.

Мындан сырткары эл көп чогулган жерлерде бет капсыз жүргөн жарандарга Нарын ОИИБнын кызматкерлери тарабынан бет кап таратылды.

Ошондой эле милиция кызматкерлери жугуштуу илдеттин алдын алууда жарандардын коопсуздугун, саламаттыгын сактоо жаатында тынымсыз профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button