Кытай коронавирус базардан тарабаганын мойнуна алууга аргасыз болду
Кытай бийлиги сенсациялуу жарыя жасады: буга чейин COVID-19 Ухандын жапайы жаныбарлар сатылган базарынан тараган, деп моюн бербей келген кытайлыктар, эми такыр андай эмес экенин мойнуна алышты, деп жазды 29-майда “Московский Комсомолец”.
Бул туурасында Кытайдын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу Борборунун жетекчиси Гао Фу жарыя салды. Ушул кезге чейин, коронавирус Ухань базарында сатылган жапайы жаныбарлардан жугуп, дүйнөгө жайылып кеткен деген темирдей бек теорияны колдонуп келген расмий Кытай бийлиги, эми андай эмес экенин мойнуна алды. Ушул эле Гао Фу январда COVID-19ду “тирүү товардан” (жапайы жаныбардан) таптык деп айтып чыккан.
Эми болсо Гао Фу бул илдет Ухань базарында тирүү товардан тарабаганынын айтты. Муну ошол базарда сатылган продукцияларды иликтөө көрсөткөн. «Ал жердин базары инфекциянын курмандыгы болуп калган», — деп айтты кытай функционери.
Сыягы, кытай чиновниктерин америкалык линия жагынан жарга такашкан окшойт. Гарварддын, Массачусетс технологиялык институтунун жана Британиялык Колумбия Университетинин окумуштуулары деңиз азык-түлүктөрү сатылган базардан алынган төрт үлгүнү изилдеп чыгышкан. Алардагы коронавирустун изи Ухандагы бейтаптан алынган анализге 99,9% дал келген. Бул тыянак, коронавирусту, илдетти мурда эле жуктурушкан кардарлар, же болбосо сатуучулар базарга алып келишкенин, жаныбарлардан жуккан эместигин далилдейт. Бирок, адамдар каяктан муну жуктурушканы түшүнүксүз бойдон калууда.
Abal.kg