Дүйнө

Коронавирус. Путиндин пресс-катчысы Д. Песков: Кулпунай менен тооктун даамын айырмалай албай калат экенсиң

Россиянын президентинин пресс-катчысы Димитрий Песков коронавирус жуктуруп алып дарыланып, 25-майда ооруканадан чыккандан кийин, «Москва. Кремль. Путин» программасына кеңири интервью берген. Анын интервьюсунан үзүндүнү журналист Павел Зарубинин өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган. Бул туурасында 31-майда Lenta.ru маалымдады.

«Таптакыр бир кызыктай абалда болот экенсиң, жыт сезе албай, даам сезе албай калсаң. Кулпунайды тооктун этинен айырмалай албайт экенсиң», — деп айткан анда Песков.

Коронавирустун сипмтомдору адегенде грипптикинен айырмасы жок болот экен,  деп айткан ал. Башталганда анча деле элес алаарлыктай болбойт экен.

Ооруну жуктуруп алган күнү ал бир жарым саат спортзалда машыккан, андан соң жети чакырым чуркаган.«Кубатыма кубат кошулуп, өзүмдүн ден соолугумдун, моралдык абалымдын эң сонун экенине аябай шаттангам», — деп белгилеген мамлекет башчысынын пресс-катчысы.

Ошонун эртеси эле анын температурасы көтөрүлө баштаган. «Грипп, кыйнап жатат», — деп жазган анда Песков. Андан соң аялы, атактуу фигуристка Татьяна Навка экөө тең, 12-майда ооруканага жаткырылган.

Песков айыгып чыккандан кийин эле үй режиминде иштей баштаганын билдирген.

Россияда коронавирус башталгандан кийин премьер-министр Михаил Мишустин, курулуш министри Владимир Якушев, маданият министри Ольга Любимова жана илим менен жогорку билим министри Валерий Фальков илдет жузугуп алышып, дарыланып, айыгып чыгышкан.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button