Коом

Бишкекте кайгуул милиция кызматкерлери кесиптешин ардактуу эс алууга узатышты

Бишкек шаарында Бишкек ШИИББы боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын короосундазд курамдын алдында салтанаттуу түрдө башкармалыктын, кенже инспектору, милициянын прапоршиги Абыкеев Мирлан ардактуу эс алууга узады.

Милициянын прапорщиги Абыкеев Мирлан Сейитбекович ички иштер органдарында 1995-жылдан тартып. Алгачкы эмгек жолун 1995-жылдан — 1997-жылдыры Чүй облосунун ИИБнин нөөмөт бөлүмүндө милиционер айдоочудан баштаган.

1997- 1999-жылдары Ыссык-Ата районундук ИИБде милиционер айдоочу;

1999- 2003-жылдары Бишкек шаардык ИИББнын  Милициянын кайгуул кызматында милиционер;

2003-жылдан бери Бишкек шаардык ИИББнын МАИ кызматкери, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Бишкек ШИИББы боюнча ЖККК башкармалыгында, андан соң  пилоттук долбоордо Бишкек шаардык ИИББы боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармаллыгы түзүлө баштагыны сынактан ийгиликтүү өтүп 50 жаш курагына чейин  кенже инспекторлук кызматты аркалап келди.

Бишкек ШИИББы боюнча МККБы начальниги милициянын майору Алмаз Исаков эс алууга кетип жаткан Абыкеев Мирланды куттуктоо менен бирге “Сиз кызмат өтөп келген жылдардан бери зор тажрыйба топтоп жана кызматтык милдетиңизге  ак ниет жана ак дилиңиз менен мамиле кылыпган адам катары көрсөтө алдыңыз. Жарандардын эркиндигин жана укуктарын коргоо, аларды кылмыштуулуктан жана укук бузуулардан коргоодо, коомдук тартипти сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча милдеттер ийгиликтүү чечип келдиңиз. Көп жылдык кызматыңыз үчүн, милдетке берилгендик үчүн  — сизге терең ыраазычылык! Сизге жана сиздин үй бүлөөгө чың ден соолук жана бейпилдик каалайм.” –деди.

Мирлан Сейитбекович өз учурунда өз кесиптештерине ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы жалпы эле ЖКККББнын түзүмүндө, өзү эмгектенген башкармалыктын ишине, жаш кызматкерлерге  жардамын абайбай тургандыгын билдирип, биримдике чакырды.

КР ИИМдин ЖКККББы басма-сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button