Окуялар

Кубакы ашуусунда жол кырсыгы болуп, бир аял каза тапты

Түндө Кочкор районундагы Кубакы ашуусунда Mercedes-Benz S211 жана Toyota Highlander үлгүлөрүндөгү автоунаалар кагышып, бир аял каза тапты. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

Медицина кызматкерлери менен ӨКМ куткаруучулары Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 175-чакырымына барып, жардам көрсөткөн.

«Кырсыктын кесепетинен 5 адам жарадар болуп, бир аял киши каза тапкан. Куткаруучулар барып, маркумдун сөөгүн автоунаадан алып чыгып Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен», — деп айтылат маалыматта.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button