Маданият

Эльмара Турсуналиева: Жаман айтпай жакшы жок, Малик Аликеев жакшы болуп кетсин (видео)

Белгилүү алып баруучу Эльмара Турсуналиева Фейсбук баракчасына комузчу, ырчы Малик Аликеевдин ден соолугуна байланыштуу кабатырланган пикирин билдирди:

“Малик Аликеев!!! Нукура талант. Кыргыз ырларын көөнө аткарууда бул кишинин үнүнө , аткаруучулук чеберчилигине, чыгармачылык багажына тең келген эч нерсе жок. Ыр дүйнөсүнө өмүрүн арнап, алп урушуп келди. Малик Аликеевдин аткарган чыгармаларын башка ырчылар үчүн эталон катары караса болот. Анан чыныгы чыгармачыл адамдай, эч нерсеге жулкунбай-улунбай жашап келе жатат. Болбсосо 40 (!!!) жылдан ашуун эмгеги кайда? . Ушул мезгилге чейин «Маданияттын мыкты кызматкери» деген төш белгиси дагы жок. Мамлекеттик сыйлыктарды айтпай эле койсо болот. Эми минтип колунан каруу, добушунан күч кетип бара жатканда ооруга чалдыгып калды. Ушул видеону кокустук болуп чыгарып жиберген кишиге дагы ракмат. Жаман айтпай жакшы жок. Жакшылык болуп кетээр деген үмүтүбүз чоң!”

Эскерте кетсек, ырчы Малик Аликеевдин катуу ооруп, басалбай төшөктө жатып калганы, ооруп атса да комузу менен обон созо ырдап аткан видеосу интернет баракчаларына тараган эле.

https://youtu.be/n5m2G2ph0TQ

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button