Коом

Таалайбек Сарыбашов балдар үйүндө тарбияланып жаткан 5 бир тууганга батир белек кылмай болду (фото)

Бүгүн, 1-июнда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 21 бала тарбияланып жаткан “Боорукердик” үй-интернатына  барып, балдарга кийим-кече, таттууларды, баалуу белектерди тапшырды.

Балдар үйүнө сыналгы белек кылып, бийге жана ырга шыктуу балдардын талантын өркүндөтүүгө салым кошуу максатында музыкалык аппарат алып келип берүү тапшырмасын берди.

Шаар башчысы демөөрчүлөр менен биргеликте үй-интернатында тарбияланып жаткан 5 бир тууганга шаарда курулуп жаткан элиталык үйлөрдүн биринен батир белекке бере тургандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, 5 бир туугандын апасы 2013-жылга чейин балдарын өзү тарбиялап, ошол жылы турмуштун оор шартына байланыштуу “Боорукердик” үй-интернатына тапшырган. Балдарын апасы Снежана 2018- жылы каза болгон.

Ошондой эле, аталган балдар үйүнө демөөрчүлөрдүн жардамы менен жаңы имарат курулууда.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button