Кыргызстандагы балдар тууралуу кызыктуу статистика. Сандар жана фактылар

Балдарды коргоо күнү жай мезгилинин биринчи күнүнө туш келип, дүйнө жүзү боюнча 1950-жылдан тарта белгиленип келет. Бул күн коомдогу балдардын ордун көрсөтүп, алардын жашоо деңгээлине көңүл буруп, ден-соолугун жана укуктарын коргоого чакырат. Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети балдар тууралуу маалыматтарды даярдаган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылдын башына карата Кыргыз Республикасында курагы 18 жашка толо элек 2 млн. 456 миң бала катталган, анын жарымынан ашыгы (51%) эркек балдар. 2019 жылга салыштырмалуу 75 миң балага же 3%га көбөйгөн.
Ушул жылдын башында катталган жалпы балдардын:
- 45%- 7 жашка чейинки бөбөктөр (1 млн. 115 миң адам);
- 42% – 7-14 жашка чейинки өспүрүмдөр (1 млн. 30 миң адам);
- 13% – 15-17 жаштагы өспүрүмдөр (311 миң адам).
Балдардын көпчүлүгү (68%) айыл жергесинде жашайт.
2019-жылы 174 миң бала төрөлгөн, анын 89 миңи эркек балдар болсо, 85 миңи кыздар, башкача айтканда кыздарга караганда балдар көбүрөөк төрөлгөн.
2019-жылы жаңы төрөлгөн ымыркайлардын 22%нын энелери расмий никеде турган эмес. Белгилей кетсек, соңку жылдары ислам дининин шартына ылайык баш кошуу күч алып, расмий никеге турууга көңүл бурулган эмес. Андыктан никесиз энелерден төрөлгөн балдардын айрым бөлүгү иш жүзүндө ата-энеси бар экени аныкталган, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын 51% ата-энесинин арызы менен катталган. Ал эми 49% энесинин гана арызы менен катталды, бул үй-бүлөдө бала атасыз чоңоёронунан кабар берет.
Балдар арасында ооруу-сыркоону азайтуу максатында өлкөдө эмдөө иш-чаралары жүргүзүлөт. 2019-жылы арасында кургак учукка каршы эмдөөгө жашы 1 жашка чейинки балдардын 96,4% катышкан, көк жөтөл, дифтерия жана столбняк же тарамышы тырышып калуу ооруусуна каршы 94,3% ымыркайлар эмделди, кызылча, эпидемиологиялык паротит жана краснуха ооруларына каршы эмделгендердин саны 97,2%.
Кыргызстанда 2019-жылдын аягына карата 96 миң социалдык жактан корголбогон, абалы оор үй-бүлө катталып, анда 309 миң бала жашаган.

Ата-энесинин кароосу жок калып, башка үй-бүлөнүн тарбиясында жүргөн балдар менен өспүрүмдөрдүн саны, жынысына карата (миң адам)
2019-жылы 1 055 бала мамлекеттин камкордугуна алынган, 713 бала асыроого берилген, анын 700ү – кыргызстандык үй-бүлө болсо, 13ү – чет өлкөлүк жарандар. Балдар үйлөрүндо жана интернеттарда ата-энесинин кароосу жок калган 2 миң жетим бала катталган.

Ата-энесинин кароосу жок калган, башка үй-бүлөнүн жана интернетта тарбияланган балдардын жана өспүрүмдөрдүн саны (миң адам)
Мектепке чейинки даярдыкка барган балдардын саны өсүүдө. 2019/2020 окуу жылына карата биринчи класска алынган балдардын 82% (119 миң бала) мектепке чейинки даярдыктан өтүшкөн. Ал эми 2015/2016 окуу жылдарында биринчи класстардын арасынан мектепке чейинки даярдыктан өткөндөрдүн саны 56% гана түзгөн. Балдардын негизги бөлүгү (42%дан жогору) 240 саттык программа боюнча мектепке чейинки даярдыктан билим алышкан, 480 сааттык программа боюнча билим алгандардын саны 18%дан жогору.



