МАИ кызматкерлери балдардын коргоо күнү менен бөбөктөрдү куттуктады (фото)

1-
Июнь күнү дээрлик бардык өлкөлөрдө балдар майрамы белгиленет. Бул
балдар үчүн бактылуу майрамдардын бири гана эмес, ошондой эле балдар
дайыма кам көрүүгө жана коргоого муктаж экенин, чоңдордун балдар үчүн
жоопкерчиликтүү экенин эскертип турат.
Бүгүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын бардык бөлүмдөрүнүн
кызматкерлери республика аймагында бардык областарда, Бишкек жана Ош
шаарларында балдарды коргоо күнү менен куттуктап жатышат. Мисалы, Бишкек шаарында милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын
кызматкерлери «Жал» кичи районунда жайгашкан балдар интернатына барышты.
«Бакай-Ата» жаңы конушунда балдарга татуу бал муздак тартуулады. Чуй
облусунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын
кызматкерлери Беловолдск жана Военно-Антовка айылдарында жайгашкан
балдар интернатына барып балдарды куттукташты. Бүгүн республиканын
баардык булуң буручунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган
кызматкерлер куттуктоолорго катышып, кызмат өтөөдө жана эс алуу
жайларында балдарга кантип жолду туура жүргүзүш керек, жолдогу
коопсуздук үчүн ар бир бала кандай чараларды көрө ала тургандыгы
жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чоңдорго чоң кишилерге балдарга кам
көрүүдө атайын балдарүчүн отургучтарды колдонуу жана коопсуздук курдарын
туура пайдалануу жөнүндө түшүндүрүп, укук бузууда жоопкерчиликтер
туурасында маалымат билдиришти. Ошол эле учурда кызматкерлердин
демилгеси менен даярдарган татуу белектер балдарды кубантпай койгон жок.




КР ИИМдин ЖКККББ.