Окуялар

Түндө кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду

Түндө кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 2-июнь түнү Баткен облусунун Эки-Таш аймагында болгон.

«Түнкү саат 1:20лар чамасында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аңчылык курал менен Кыргызстандын жаранына бир нече жолу ок чыгарган. 38 жаштагы айдоочу Ош — Исфана автожолу менен кетип бараткан. Жыйынтыгында ал жеңил жаракат алып, Самаркандек айылындагы ооруканага жаткырылган», — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле түнү эки тараптын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жолукканы кошумчаланды. Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп, автоунааларды, аймакты текшерип жатат.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button