Саясат

Таластыктардын атынан Бакиевден кечирим сураган жигит келип, биздин алдыбызда жооп берсин (видео)

Бүгүн,2-июнь күнү Талас-АКИпрессте маалымат жыйын өттү.

Маалымат жыйынга “Баатырларга таазим” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү Кишимжан Таштекеева, Күмүшай Бокотонова, Бектурсун Жандаралиев, Козубек Иманкулов, Кара-Буура 6-7-апрель коомдук бирикмесинин мүчөсү Медетбек Жунусалиев, 6-апрель Талас элдик революциясы коомдук фондунунун төрагасы Төрөбек Кишенбаев, 6-апрель Бакай-Ата кыймылынын мүчөсү Рыскулбек Жанкорозовдор келишти.

“6-7-апрелдеги окуяларга баарыбыз күбө болгонбуз. Мына арабызда ошол күнү балдарын жоготкон энелер олтурат. Канча деген уулдардын каны төгүлүп,андан бери да жаракатынан каза тапкандары канча. Биздин маалымат жыйынга келгенибиздин себеби, социалдык тармактарда өзүн таластыкмын деп атап, Курманбек Бакиевден кечирим сурап жаткан Болсунбек Бечекеев тууралуу. Бул кандай деген тарбиясыз бала. Баарыбыздын атыбызды жамынып, апрель окуясынын катышуучусумун деп жатат. Анда ал жигитте ар-намыс деген жок экен. Ал бала өзүн Болсунбек Бечекеев деп бирде Болсунбек Рысбеков деп  тааныштырып жатат, учурда Турцияда жүрөт. Учурдагы бийликтен, Президентибиз Сооронбай Жээнбековдон учурдагы саясий акыбалды туруктуу, бекем кармап, күч органдары катуу иштеп, Болсунбек Бечекеевди бизге алып келүүсүн суранабыз. Чындык ал тарапта болсо, биздин алдыбызда, балдарын жоготкон энелердин алдында сүйлөсүн келип”- дешти.

Өлкөдөгү мындай кырдаалда (коронавирус) Талас элине дарт киргизбей,бекем тартип турат.Эл жерге тынчылык каалайбыз деп билдиришти маалымат жыйынынын катышуучулары.

https://youtu.be/sLwwynEp5yA
https://youtu.be/fNn-1CKJojA
https://youtu.be/_HEPC6qYJNg

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button