Саясат

Шайлоо күрөөсүн азайтуу сунушталды

Бүгүн 2-июнда Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карады.

Жыйында КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев шайлоо күрөөсүн беш миллион сомдон бир миллион сомго түшүрүүнү сунуш кылды. Муну ал саясий партиялардын чыгымдарын азайтуу ниети менен негиздеди.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев күрөөнү 10 миллион сомго чейин жогорулатууну сунуш кылды.

14-майдагы сессияда босогону тогуз пайыздан жети пайызга төмөндөтүү тууралуу мыйзам долбоору бирини окуудан көпчүлүк добуш менен өткөн.

Ушул эле документте партияларга шайлоого катышуу үчүн күрөөнү беш миллион сомдон бир миллион сомго азайтуу жөнүндө сунуш да камтылган. Мыйзам долбоору 2019-жылдын 29-октябрынан тартып парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлган эле.

Эскерте кетсек, октябрь айында Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button