Же тооктор бүт кырылат, же Жердин жарымы жок болот. Окумуштуу жаңы пандемия тууралуу эскертти

Азыркы коронавирустан алда канча коркунучтуу пандемия туурасында окумуштуулар эскертип жатышат.
Британиялык атактуу окумуштуу Майкл Грегор, эгерде адамдар эмитен өздөрүн башкача алып жүргөнгө үйрөнүшпөсө, анда Жердин калкынын жарымы көз жумушу мүмкүн деп эсептейт. Жаңы тумоо канаттуулар фабрикасынан тарашы ыктымал экенин эскертти. Ал фабрикаларда миллиондогон тооктор «өтө жаман шарттарда» кармалаарын айтты. Бул туурасында Daily Mail билдирди, деп 1-июнда Vazhno.ru маалымдады.
Грегор бул темага ар кыл илимий изилдөөлөрдөн мисал келтирип, атайын китеп чыгарган. Ал китепте COVID-19 пандемиясын «жеңил гана репетиция» деп атаган. Бройлер келтире турган коркунуч менен эч нерсе тең келе албайт, дейт ал. Адамды өлүмгө алып келе турган вирустар жаныбарларга байланышкан деп эсептейт Грегор. Мисалы туберкулез эчкиден, кызылча – эчки менен койдон, чечек – төөдөн, көк жөтөл — чочкодон, тиф — тооктон өткөн. Куш тумоосунун пандемиясына кабылбаш үчүн Грегор дүйнөдөгү баардык тоокторду кырыш керек, же аларды кармоо, чоңойтуу шарттарын таптакыр өзгөртүү керек деп кеңеш берет.
Abal.kg