Коом

Коронавирус. 26 адам жуктуруп, 3 бейтап каза болду, бирөө врач

Акыркы суткада коронавирус илдетинен 46 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Ал эми ошол эле учурда 26 адам жуктуруп алган.

Аймактар боюнча жаңы жуктуруп алган аймактар:

Бишкек – 16
Нарын – 7
Ош облусу – 1
Жалал-Абад  — 1
Баткен – 1

Учурда 586 адам ооруканада дарыланып жатат.
Кечээ 3 адам коронавирус илдетинен каза болду. Алардын бирөө Ош шаарында ооруканада иштеген 59 жаштагы дарыгер болгон. Ал коронавирус илдети менен күрөшүп, пандемия учурунан бери иштеп келе жаткан.

Экинчиси Ош облусунан 1965-жылы туулган  киши  көз жумду. Ал алыскы каттамда айдоочу болуп эмгектенген.

Үчүнчүсү Нарын облусунун 1936-жылкы тургуну. Ал да коронавирус жуктуруп, кечээ кайтыш болду.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button