Окуялар

Алайда балык уулаган адамдын кайырмагы электр зымына тийип, ток уруп каза болду (видео)

Ош облусунун Алай районундагы Коңур-Дөбө аймагындагы Кызыл-Суу дарыясынан балык уулап жаткан 45 жаштагы киши жогорку чыңалуудагы электр тогуна урунуп көз жумду. Бул тууралуу Ош ОИИББинен билдиришти.

Кара-Суу районунун тургундары – 2 бир туугандар жана алардын коңшусу  Кызыл-Суу дарыясынан балык уулаганы келишкен. Бир туугандардын бири – 1975-жылы туулган жаран балык уулап жатып кайырмагын өйдө көтөргөндө, ал дарыянын үстүнөн тартылган жогорку чыңалуудагы электр зымына тийип кеткен. Мындан улам ал ошол жерде каза тапкан.

Маркумдун жакындары анын денесин медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын реестринде «кокустук» деп катталган.

https://youtu.be/k1nESCb3_Kk

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button