(Видео)»Сүлдөрү эле калыптыр»: элден жардам сураган “мушкетер” — Боярскийдин түрү көпчүлүктүн жүрөгүн түшүрдү

Орус актеру, атактуу Д`Артанянь Михаил Боярскийдин түрүн көрүп, аны кумир туткандар катуу тынчсызданып жатышат, деп билдирди NUR.KZ.
Бир кезде даңкы дүңгүрөгөн актер Михаил Боярский фанаттарын катуу чочутту. Акыркы убакта Россиянын «башкы мушкетеру» өтө эле өбөктөй түшүптүр. 70 жаштагы эл артисти, аны дайыма жаш, шайыр-шаттуу абалда көрүп жүрүп көнүп калгандарга, капысынан аябай кескин карып, арыктап, эти сөөгүнө жабышкан чалга айланып калгандай таасир берди.





Соцжеледе көргөндө маанайыңды чөктүрө тургандай болгон «мушкетердун» видеосу чыкты. Кадрда артист көндүм болгон баш кийими, кара көз айнеги жок, жылаңбаш туруп алып коллегасы, Петербург симфониялык оркестринин музыкантынын үй-бүлөсүнүн башына түшкөн оор мүшкүл жөнүндө баян этет. РСФСРдин эл артисти боорукер адамдардан баарынан музыканттын балдарына жардам берүүнү суранган. Музыканттын балдарына өтө сейрек кездешчү генетикалык патология диагносттолгон. Аларга жардам өтө тез арада керек — убакыт айлап эмес, күндөп саналууда. Бир эркеги беште, экинчиси үч жашта. Операция чет өлкөдө жасалат. Алардын операциясына кетчү чыгымды музыканттын үй-бүлөсү көтөрө албайт.
Боярскийдин кайрылуусун көрүп алышып, анын талантына таазим кылгандар, актердун боорукердигине рахмат айтышып, ага чың ден соолук каалашты.
Abal.kg



