Саясат

Абдиль Сегизбаев УКМКны каралоочу органга айлантып, ишенимден чыгарып салган

Кызык окуя болду, жакында эле. Бир жылдан бери чуулгандуу болуп бүтпөй келген журналисттик иликтөө боюнча жаӊы маалыматтар чыкты. Маркум кытайлык ишкер Саймаитинин өлүмүн иликтеген комиссия жума башында УКМК жана ИИМди чакырып, маалыматтарды угушту. Укук коргоо органдары Саймаитинин өлүмү боюнча Турция менен биргеликте иш алып барып, маркум ишкердин жакындары, достору күбө өткөндүгү боюнча маалымат беришти. Бир нече күбөлөр Саймаити өзүнүн аласа-бересе акчаларын өндүрүү үчүн журналисттер менен кызматташканы, “Азаттыктын” журналистине 100 миӊ доллар акча бергени тууралуу айтышкан. Мурунку суралган күбөлөрдүн мындай маалыматын, өмүрүнүн акырына чейин чогуу болушкан, Стамбулдагы консул болуп жүргөн Эркин Сопоков дагы “ооба, Айэркен Саймаити журналистке акча бердим деп айткан”-деп күбө өткөн.

Мындай маалымат тарагандан кийин, “Азаттык” радиосунун колдоочулары жана Матраимовдордун каршылаштары “УКМК жалган маалымат таратып жатат, оюнан чыгарып жатат, биз ишенбейбиз”-деп жазышууда.

Биринчиден, мындай маалыматты УКМК күбөлөрдүн сөзүнө таянып айтты жана күбөлөрдүн сурак протоколунун видеосун көрсөттү. Мыйзам эрежелери боюнча күбө өткөндөрдүн сөзү далил катары эске алынат жана ал юридикалык күчкө ээ.

УКМКга ишеним артпай жаткандарды дагы түшүнсө болот. Себеби, Абдиль Сегизбаевдин убагында бир катар саясатчыларга, активдүү жарандарга карата жасалма иштер уюштурулуп, жалган жалаалар менен куугунтукка алынышкан. Ал тургай өткөрүлгөн жыйындар, телефон сүйлөшүүлөр дагы тыӊшоого алынып, бир катар саясатчылар тыӊшоонун негизинде түрмөгө чейин кирип кетишкен. Улуттук коопсуздук кызматы улуттун эмес, Атамбаевдин коопсуздугу үчүн ыплас иштерге көп аралашкан.

Акыркы кезде УКМК саясий куугунтуктарга, тынч жыйындарды тыӊшап, анын жыйынтыгы менен кимдир бирөөгө жалаа жаап, камакка алган учурлар болгон жок. Ошого карабай эски жоруктар үчүн УКМКны күнөөлөгөн адамдар арбын. Алар, “юпи-гейт” сыяктуу эле иш да деп эстеп жатышат.

Улуттук коопсуздук кызматы жеке бир адамдын кызыкчылыгына жараша иш жүргүзгөн конторага айланып, аны Абдиль Сегизбаев кызматтык абалынан кыянаттык менен тебелеп, элдин ишенимине чыгарып кеткенинин зыяны эми тийип жатат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button