Олжобай Шакир: Коронавирус менин үйүмө да келиптир…(видео)

Белгилүү журналист Олжобай Шакир интернет желесине “Коронавирус менин үйүмө да келиптир” деп жазды.
Олжобай Шакир буга чейин карантиндеги баардык талаптарды аткарып жатканын, элдин ишенбей атканына да жини келгенин билдирди. Буга чейин кошуналар менен да кол алышып учурашпай, гигиенаны, талаптарды сактап атканбыз дейт. Бирок, келинчеги Назгүл туугандарыныкына барып, ошол жактан жуктуруп алганын айтты. Адегенде келинчеги эч кандай даам, жыт сезбей калганын, тамагы кызарып, кичине ооруксуна баштаганда ангинасы кармап аткан го деп ойлогон экен. Атайын текшерүү анализинен өткөндө коронавирус илдети жуктуруп алганы аныкталган.
Видеодо Олжобай Шакирдин үйүн дезинфекциялаган атайын кызматты көрүүгө болот. Журналист учурдагы кырдаалды да видеодо айтып, элге эскертүү берди.
Abal.kg