Коом
Бишкекте санитардык эрежени сактабагандарга 1 миллион 200 миң сомго айыппул салынды

Бишкек шаарында 11-майдан бери санитардык эрежени сактабаган ишкерлерге 1 миллион 253 миң 500 сом айып пул салынды. Бул туурасында Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова брифинг учурунда айткан.
«Мобилдик топтор күн сайын эртеден кечке чейин базарларды, соода жайларын, сулуулук салондорун, дүкөндөрдү кыдырып, текшерип жатат. Андан сырткары, транспортту да көзөмөлгө алышууда», — деди ал.
11-майдан тарта аталган топтор 4 435 объектини текшерген.
Бишкектин вице-мэри ишкерлик кылгандардын көбү санитардык эрежелерди сактап жатканын кошумчалады.
Abal.kg