Коом
Коронавирус. Бир суткада 37 адам жуктуруп алып, эки адам каза болду

Акыркы суткада 48 адам ооруканадан дарыланып чыгып, кайра 37 адам оору жуктуруп алган жаңы учур катталды.
Бишкек шаары — 14
Ош шаары – 1
Ош облусу – 5
Нарын – 6
Чүй – 7
Баткен – 1
Ысык-Көл – 3
Андан тышкары учурда 574 адам ооруканада дарыланып жатат. 3 бейтап оор абалында.
Акыркы суткада дагы 2 адам каза болду. Алардын бири — Бишкек шаарынын тургуну 1938-жылы туулган аял болгон. Ал кызынан жуктурган. Ал эми экинчиси Ош шаарынын тургуну 1986-жылы туулган аял. Буга чейин ооруканада лейкоз диагнозу менен дарыланып жатып, жуктуруп алган. Экөө тең кечээ каза болгон.
Abal.kg