Коом

Үй-бүлөсүнө зордук-зомбулук көрсөткөн адамга жаза күчөтүлөт

Президент Сооронбай Жээнбеков «КР Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, аталган мыйзам үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын болтурбоо максатында Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жазык-процесстик кодексинин 504-беренеси толукталып, 1-3-бөлүгү боюнча үй-бүлөлүк зомбулук жасады деп шектелген адам төмөнкүдөй негиздер болгондо кармалышы мүмкүн:

  • Эгерде шектүү адам жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратса;
  • Эгерде шектүү мас абалында болуп, жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнө коркунуч келтирип жатса;
  • Эгерде шектүү адам жабырлануучуну жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн кордоону, аларга коркунуч келтирүүнү, уруп-сабоону, шылдыӊдоону, басмырлоону улантат деп болжогонго мүмкүндүк берүүчү негиздер бар болсо.

«Аталган өзгөртүүлөр менен жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында зомбулук жасоого шектүү адамды 48 саатка чейин кармоо чарасы каралган», — деп айтылат маалыматта.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирери кошумчаланды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button