Маданият

Нурлан Мотуев менен ырдоо кыялы орундалган Самат Дөөлөтбаков. Эң мыкты дуэт аткарышты

Самат Дөөлөтбаков менен Нурлан Мотуев россиялык ырчы Игорь Корнелюктун “Дожди” аттуу ырын биргеликте  дуэт ырдашты.

Самат Дөлөөтбаков ютуб каналына бул ырды жүктөп:

Достор, биздин каверди «серьезно» кабыл албай, жакшы ниет менен кабыл алыңыз. Нурлан Мотуев байке да, мен дагы профессионал ырчылардан эмеспиз, ырчылык билимибиз жок, ырдоо — биздин хоббибиз. Андыктан жөн гана жакшы маанай жана позитив берели деген ойдо ырдадык. Эгер жаман сөз камтыган, сөккү комментарий боло турган болсо, дароо блокко кетесиз. Эскерттим )) Бирок, «адекваттуу критикага» ачыкпыз. Алдын ала рахмат ))) P.S. Мен көптөн эле, Нурлан байкени чакырайын деп жүргөм, анткени, Нурлан байкенин «иливой» ыры интернетте хит болуп жатат. Ал эми Нурлан байке да, профессионалдуу студияда ырдайм деп, кыялданып жүрүптүр. Демек, бул дуэт, экөөбүзгө тең буйруптур )) “ деп жазды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button