Камакта жаткан Даниэль Ажиев суицидге барам деп коркутуп жатат

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун кызматкерлери СИЗОго барып, кылмышка айыпталып жаткан Даниэль Ажиевден кабар алышкан.
“Сүйлөшүү учурунда, ал чынында эле өз өмүрү жана коопсуздугу үчүн коркуп жаткандыгын айтты. Өзүнүн арызы боюнча ал учурда жалгыз кармалуучу камерада отурат. Эгерде жалпы камерага которсо, анда өз жанын кыям деп жатат”, – деп билдиришти улуттук борбордон.
Белгилей кетсек, 28-мартта Бишкектин Биринчи Май соту Даниэль Ажиевдин баш коргоо чарасын карап, аны 2 айга СИЗОго калтыруу чечимин чыгарган болчу. Андан кийин Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
Эске салсак, 2020-жылдын 26-март күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесинде (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип Бишкек шаарынын тургуну, 1990-жылы туулган Даниэль Ажиев кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Күбөлөндүрүүнү жүргүзүү учурунда ал марихуана баңги каражатын колдонгондугу аныкталган.