Окуялар

Фермердин сарайынан 40 уулуу жылаан чыкты

Бул коркунучтуу табылганы ал кошуналарынын жардамы менен токойго алып барып таштады.

Мындай уулуу жылаандар Индиянын кыштактарынан анда-санда кездештирилип турган көрүнүш. Бирок Пали Хурд кыштагынын фермери Шрадхананд бул жагынан аябай “марыды”.

Июндун башында бул эркек-тана уктоочу бөлмөсүнүн полунун үстүндө жаткан анча чоң эмес жылаанды табат. Шрадхананд буга анча таң калбайт, ал жылаанды кармап алып токойго алып барып таштайт. Үйүнө кайтып келип, кроватынан дагы үч жылаанды көрөт, деп жазат UPI. Бул туурасында 5-июнда Новости  Mail.ru маалымдады.

Аларды да кармап алып токойго алып барып таштайт. Ошол эле күнү кечинде дагы жаңы жылаан чыгат. Үйдүн жыртык-тешиктеринин баарын карап чыгып, фермер жылаандардын чатырда жайгашкан кондиционердин желдеткич тешиги аркылуу кириши мүмкүн экенин түшүнөт.

Кондиционерди ачып ичин караганда, фермердин көзүнө тири укмуш картина тартылат: толтура жылаан   чокмороктошуп алышкан экен.  

Кошуналарынын жардамы менен Шрадхананд 40тан ашык коркунучтуу табылгаларды жаткан жеринен алып чыгып, токойго алып барып ташташат.  

Жергиликтүү ветеринар, доктор Ватсал, жылаандар бир нече ай мурда кондиционердин ичине жумуркалаган болуш керек, андыктан эми сыртка чыга башташкан деген божомолун айткан.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button