Караламан элди, бийликти кутумга чакырган Чоң казат

Дартка байланыштуу эл камалып үйдө отурган учурда “Атың чыкпаса жер өрттө” дегендей, ашканада отуруп алып аптарыйкат күткүсү келген эргулдар пайда болушту. Карапайым элдин көзүнө топурак чачып, “баланчанын түкүнчө миллион байлыгы бар, жүргүлө он миң киши бастырып барып басып алабыз!” деген чакырыкты уккандар удургуп, “чын эле!” деп чыгышты. Өзү айткандай мурдагы прокурор Сыймык Жапыкеев оргу-баргы ой-тоону оттоп, оозуна келген суммаларды айтып, барабыз да тартып алабыз деп чыкты. Эл дуулдап “үйдө баатыр жоодо жок” немеге кол чапты. Сыймык Жапыкеев буга чейин 10-15 жыл мурда эмне кылып жүрдү эле? Эмне үчүн мындай оюн мурда айткан эмес?
Көрсө, “үйдө баатыр жоодо жок” “ашкана баатырлары” коррупционерлерди “тандап” согушат тура! Сыймык Жапыкеев коомчулуктун талкуусунда турган Раим Матраимовго тийише албасын айтты. Керек болсо 2015-жылы Карганбек Самаковдун баласынан 100 миң доллар пара алган учурда кармалган Башкы прокуратуранын прокурору Кылычбек Арпачиевди “карга карганын көзүн чукубайт” кылып, ангел деп айткан немеден кайдагы акыйкаттыкты күтсө болот?! Дагы бир коррупциянын анабашы болбосо да жоон ортосунда жүргөн, мамлекеттик бийликте жүргөндө далай байлыкты өзүнө ашырып алган Акылбек Жапаров жөнүндө Сыймык Жапыкеев:”Акылбек Үсөнбекович Жапаров менин эң жакшы көргөн байкем болот, он не вор. Я его очень хорошо знаю” деп бир телеканалда ачык айтканы эмнени каңкуулап турат? Демек, казатчы болумуштардын күрөшү тандамал, кимден каалаганын өндүрө алышса аларга тийишпейт, булар парламенттик шайлоо алдында шайтандай болуп чыга калып элдин көңүлүн бургусу келген бирөөлөрдүн колундагы “оюнчук”, “атайын долбоор” деген элдин айтканы чын дебеске арга жок.
Жаш, жаңы патриот болгусу келген неме ичип же чегип алып айтабы, айтор мурдатан эле ар кайсыны дөөрүп, керек болсо Манас баатыр болгон эмес, ал жомок дегенди айтып элдин кыжырына тийип келген. Акыры көпчүлүк талаганда билбей калыпмын, Манас баатыр болгон турбайбы деп кутулган. Эми ошол неме айтылуу “Манас” эпосундагы өзөктүү окуяларды камтып, Манас бабабыздын трагедиялуу өлүмү менен аяктаган Чоң казаттын атындагы кыймылга “үч тамга” Максат Мамытканов, адвокат Канат Хасанов менен биригип алып, саясый күрөшкө аттанып жатышканын байма-бай жарыялап келатышат. Адегенде Манас баатыр болгон эмес деп, кайра андагы Чоң казаттын атындагы кыймылга биригишкен, “үйдө баатыр жоодо жок” үчилтиктин түпкү теги калмак экендиги да жөн эмес…
Эми “Манас” эпосундагы Чоң Казатка келсек, ал дагы убагында тиги үчөөндөй болгон кутумдардын айынан чыккан. Манас баатырга алгачкы кутум Көкөтөйгө аш берүүдөн башталат. “Көкөтөйдүн ашы, көп чырдын башы” деп бекеринен айтылбаган. Көкөтөйдүн баласы Бокмурун кыргыздын мыктычыкма хандарын жыйнап, атасына аш берүү боюнча кеңеш курат. Анда Манас чакырылбай калат. Көкөтөйдүн ашы Каркырада өтмөкчү болуп, Бокмурун төгөрөктүн төрт бурчунан эл чакырат. Дос, душман экенине карабай баарын чакыртат. Башка хандардын эскертүүлөрүн кындырына кыстарып койбой, өз билгенин кылат. Көкөтөйдүн ашына Коңурбай башында турган кытайлар, Жолой, Нескара башында турган калмактар жана башка калктардын өкүлдөрү келишет. Кыргыздардын Манасы жок, эли чаржайыт, башаламан болуп турганын көргөн душмандар ачык эле каракчылыкка өтүшөт. Акыры Бокмурун Айдарды Таласка чаптырып, Манасты Каркырага чакыртат. Манас кырк чоросу менен келип түшүп, талоонду токтотуп, аны чакырбай атайын кутум кылышкан хандарды камчы менен сабап ачуусун чыгарат. Акыры аш бүткөн соң, кутум жасаган алты хан Манас баатырдан өч алууну көксөп, кол жыйнап Таласка чыгышат. Алдыга кеткен элчилери Манастын ордосуна келип түшүшөт. Манас баатырдын, анын кырк чоролорунун күч-кубатын көрүп элчилер сестейип калышат. Бирок алар кол жыйнап келе жаткан себебин Бээжинди чаап, аш учурунда аларды кордогон Коңурбайдан өч алуу үчүн согушка аттанганы менен менен түшүндүрүшөт. Муну уккан Манас баатыр тигилер менен аргасыз макул болот. Акыры Чоң казатка аттанып, Манас баатыр баштаган анын кырк чоросу, көптөгөн баатырлар согуш учурунда каза болушат. Чоң казаттын акыры элге кан жуткурган ушундай кыргын менен аяктап, эл таланып-тонолуп, уруу-уруктарга бөлүнүп, ал эми Манас баатырдын жубайы Каныкей эмчектеги баласы Семетей менен Букарга качууга аргасыз болот. Ошентип бул Чоң казат кыргыз элине түгөнбөгөн кайгы алып келип, кыргыз элинин тиреги болгон Манас баатырдын, башка эрлердин өлүмү, элдин бүлгүнгө учурап жок болушунан башка эч нерсе алып келген эмес.
Эми азыркы чоң казатчылар эмнени каалап жатышат? Балким алар да элди дүрбөтүп, мамлекетти жардан ары кулатууну көздөп жатышабы? Манас баатыр учурундагы Чоң казат кандай болгон, азыркы чоң казатчылар эмнени каалап жатышканын ар бириңер Чоң казаттагы окуялар менен салыштырып, кимдин ким экенине баа берип, тыянакты өзүңөр чыгарып алгыла…
Алтынбек Карабаев



