Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясы экспортко кете баштады

Кыргызстан эки ай ичинде пандемия эмне экендигин, өлкө жабык абалда кандай болорун биринчи жолу баштан өткөрдү. Мындай кырдаалда экономикалык карым-катыш, соода-сатык кандай жүрөөрүн көпчүлүк биле бербейт. Эки ай карантин учурунда жүк ташуу, башка өлкөлөр менен соода-сатык кандай жүрдү, мына ушулар боюнча КР Экономика министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын башчысы Бүбүсара ТОКТОНАЛИЕВА айтып берди.
-Дүйнөнү “чөгөлөткөн” дарттын айынан мурда ойго келбеген, бирок жөнөкөй маска, санитайзер каражаттарына таңкыстык пайда болду. Ушул дарт пайда болгуча Кыргызстанда мындай каражаттарды өндүргөн ишканалар бар беле?
— Буга чейин эле санитайзер чыгарган ишкана бар эле, бирок калктын суроо-талабына жараша ал чыгарган продукциянын көлөмү аз болчу. Ал эми медициналык маска чыгарган ишкана жок эле. Себеби андай маскалар бизге дайыма сырттан гана кирчү. Пандемия башталганда элибизди маска менен камсыздоону колго алышкан бир нече ишканалар өз өндүрүшүн ушул нукка буруп иштеп кете алышты. Бир топ ишканалар калктын суроо-талабын эске алып, санитайзер чыгарууга өз өндүрүшүн буруп иштей калышып, ага болгон муктаждыкты жое алышты. Алар өлкөнүн ички муктаждыгын канааттандырып, андан тышкары экспортко чыгарууга жөндөмдүү экендиктерин көрсөтүштү. Ал эми тигүүчү көптөгөн ишканалар өз өндүрүшүн маска тигүүгө багытташып, жумушчу орундарын да сактап, ички муктаждыктарды толугу менен канааттандырып, экспортко да чыгарууга даяр экендиктерин далилдей алышты.

— Ошондо азыркы күндө Кыргызстанда канча ишкана маскаларды, санитайзерлерди чыгарып жатышат?
— Эң ири эки өндүрүүчү бар, “Идеал фарм” жана “Аю фарм”, мындан тышкары анча чоң эмес бир нече ишканалар да бар. Ал эми маска чыгарган ишканалар бир топ, алардын саны күндөн-күнгө көбөйүп да бара жатат. Алардын байланыштарын биз Казакстандагы жана башка өлкөлөрдөгү өнөктөштөрүбүзгө да берип, чыгарылган продукцияларды ошол жакка сатууга жол ачылды. Тизме адегенде үч ишканадан башталды эле, азыр аларды улам толуктап өнөктөштөр менен иштешүүгө жөнөтүп жатабыз.
— Ушундай катаал учурда ЕАЭБ биримдигине кирген өлкөлөр кандай иштешти, бири-бирине кандай жардам кыла алышты?
-Адегенде эле ЕАЭБ биримдигине кирген өлкөлөрдөн тышкары мамлекеттерге жогорудагы каражаттарды чыгарууга тыюу салынды. Ошентип адегенде биримдикке кирген өлкөлөрдүн суроо-талабы канааттандырылды. Андан тышкары башка өлкөлөрдөн да маскалар, сактануучу каражаттар, дары-дармектер, вируска алына турган тесттер жана башка көптөгөн гуманитардык жардамдар келди. Биздин өндүрүүчүлөр элибизди маска, санитайзер менен толук камсыз кылышкандыктан өлкөдө маскалар, санитайзерлер жетиштүү болуп калды. Ушундан кийин башка өлкөлөргө да экспортко чыгарууга мүмкүндүк болгондуктан, ЕАЭБден тышкары үчүнчү өлкөлөргө да экспортко чыгарууга уруксат кылууну сурадык. Анан ушундай чечим кабыл алынды, өкмөт дагы өзүнүн ички чечимдерине өзгөртүү киргизип, Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү мекемесинин чечими менен, биздин ишкерлер маскалар менен санитайзерлерди суроо-талап болгон өлкөлөргө чыгара башташты. Бирок ошол эле учурда азык-түлүктөрдүн жана башка товарлардын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн кирүүсүн, чыгарылуусун чектеген жокпуз. Ошол эле учурда мындай товарлардын үчүнчү өлкөлөргө чыгарылышын чектедик. Россия деле башка өлкөлөргө карата чектөөлөрдү киргизип, ЕАЭБ өлкөлөрүнө карата чектөө киргизген жок. Мамлекет башчылары, андан кийин өкмөт башчылары да жолугушканда эң биринчи товарлардын тынымсыз кирип-чыгышын камсыздоо, жүктөрдү да эркин киргизип — чыгаруу маселеси биринчи орунга коюлуп жатты. Негизинен жүк ташуу, азык-түлүктөрдү ташып кирүү, чыгуудан маселе чыккан жок. Жүк ташуучулар үчүн да текшерүү чаралары анча катуу болбоду. Ошентип жүк ташуу такыр токтогон жок. Жүктүн көлөмү ар бир мамлекеттин экономикалык ишмердигине жараша төмөндөдү. Ага жараша тиги же бу товарга карата суроо-талап да төмөндөп калды.

— Демек, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биримдиги кыйынчылыктарга жалпы каршы туруп, экономикалык жактан бири-бирине жардам берүүдө пайдасы жакшы эле болгон тура?
— Ооба, негизинен жакшы болду. Мындан тышкары гуманитардык жардам да жакшы эле келип жатты. Жалпысынан алганда темир жолдо жүк ташуу, авто жүк ташуу, аба менен жүк ташуу токтогон жок.
-Пандемия учурунда маска, санитайзерлерден тышкары ооруган адамдарды дарылаган дарыгерлер үчүн жекече коргонуучу каражат (СИЗ – средство индивидуальной защиты) атайын халаттар, коргоо даражасы жогору болгон маскалар керек экендигин көрдүк. Ушундай атайын каражаттарды өндүргөн ишканалар барбы?
— Бизде бир нече ишкана СИЗдерди өндүрүү ишин жолго коюшту. Бирок СИЗдерди өндүрүүдө эл аралык стандарт, техникалык регламенттер бар. Анда химиялык коргонуу, бактериологиялык коргонуу талаптары бар, алар тигилүүчү кездемелерге да атайын талаптар коюлат. Балким айрым ишканалар ушундай катуу талаптарга жооп бере албай калышы мүмкүн. Бирок алар чыгарган коргонуу каражаттары медициналык кызматкерлерге болбосо да, мисалы, тамак-аштарды ташып жеткирип иштегендерге зарыл. Ушундайларды чыгарган ишканалар да бар.
Эгер медициналык буюмдарды чыгарган ишканалар тууралуу айтсак, алар көбөйүп жатат. Мына бул ишканалар: “Текстиль Транс” ЖЧКсы, “АСКА энд КО” ЖЧКсы, “ТэДИС” ЖЧКсы, “Фабрика Чолпон” ЖЧКсы жана “ZULYA” жеке ишканасы иштешип, күнүнө 400 миңден миллионго чейин маскаларды чыгара алышат. Ал эми биздеги фармацевтикалык ишканалар негизинен сырттан алынып келген сырьелор менен иштешет. Алар ар кандай таблетка түрүндөгү дарыларды, тундурмаларды чыгарышат. Чындыгында баштан аяк фармацевтикалык продукция чыгара турган ишкананы ачуу чоң каражатты, убакытты талап кылат. Азыр айрымдары суроо-талапка жараша продукция чыгаруу багытын өзгөртүп жатышат.

-Пандемия учурунда ар бир өлкө өз күчүнө, мүмкүнчүлүгүнө гана ишенүүсү зарыл экенин, сырттан келип бизге эч ким жардам бербей тургандыгына көз жетти. Кандай кыйынчылык болбосун бардыгына даяр туруп, зарыл болгон каражаттарды өзүбүз өндүрүшүбүз керек экендигин билдик.
— Ооба, эми мындан ары бизге зарыл болгон импорттук товарлардын ордун баса турган өндүрүштөр колдоого алынат. Элдин кандай каражаттарга муктаждыгы эске алынуу менен адегенде ошолорду камсыздоого аракеттер жасалат. Мындай товарларды өзүбүз чыгарып, импорттон көз каранды болбой турган деңгээлге жетишибиз керектиги түшүнүктүү болуп турат.
Анткен менен абал чындыгында оор эле болду. Биздин алсыз жактарыбыз ачыкка чыкты. Кайсы тармакты өнүктүрүү зарылдыгы ачык болду. Биз азыр электрондук соода-сатыкка олуттуу маани берүү зарылдыгына көзүбүз жетти. Ушундай кыйынчылыктарда так ошол электрондук соода-сатык гана кадимки ишмердикти улантып кете алат экен. Анткени товарды адам менен байланыш кылбай жеткирип берүү, байланыш кылбай эле сатып алуу, төлөө жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук жол менен жүргүзүү абдан пайдалуу экендигин көргөздү. Демек, биз айрым багыттарга мурдагыдан да олуттуу маани берип аны өнүктүрүү зарыл экендигин билдик. Биз ишибизди мындан ары ушул багытта кеңейте беребиз.
Зарина Мырсакулова