Маданият

Бек Борбиев: Шайлоонун алдында берген убадаларын аткарбаган депутаттар жооп береби?

КР эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев жакындап келе жаткан шайлоого карата жеке пикирин коомчулукка айтып, элдин талкуусуна коет.

Бек Борбиев: “Шайлоонун алдында берген убадаларынды аткардынбы урматтуу депутат? Аткардыбы жокпу, ким текшерет? Же текшербеш керекпи? Отчёт берилбейби? Ал аткарылбай калган убадалары үчүн жоопкерчилик болобу?
Ишке ашырабыз деген программаларын партиялар аткарбаса, кийинки шайлоого барганга укугу барбы? Же дагы деле мурдагыдай убадалар айтылып, жообу жок аткарылбай кала береби? Шайлоо — малга туз берген сыяктуу эле боло береби, 5 жылда элге 1000 сомдон таркатып коюп олтура бергендей…
Айтор суроо коп, жооп жок…”- деп жазды.

Бек Борбиевдин бул пикирине кошулгандардын саны көп болуп, келаткан шайлоодо убадасына турбаган депутаттарды шайлабайбыз деген сөздөр жазылды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button