Окуялар

41 жаштагы эркек өзүнүн жыныстык мүчөсүн кесип салды

Жыныстык органды сактап калууга эч кандай шанс болбогонун билдиришти медиктер. Киши жаракат алгандан тартып ооруканага жеткирилгенге чейин 2 саат убакыт өтүп кеткен.

Бул үрөй учурган окуя Казакстандын Костанай областынын Лисаковск деген шаарында болуп өттү. Абалга Костанайдын полиция департаменти комментарий берди деп билдирет, NUR.KZ.

Жыныстык мүчөсүн жаран иштеп аткан жеринде кесип салган. Ал жергиликтүү ири ишканалардын биринде эмгектенген. Бул окуя 2-июнда болуп өткөн экен. Жанындагы шериги бир азга бир жакка барып келе койгондун ортосунда  эле, тиги киши жыныстык мүчөсүн кесип салыптыр. Шериги жумушчу ордуна кайтып келип, жүрөк түшүрөөрлүк картинаны көргөн. Жаракат алган адам тез аранын ичинде ооруканага жеткирилип, ага тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Эркектин эмне үчүн өзүнө карата мындай кыянатттыка барганы азырынча белгисиз. «Бул факт катталды, сотко чейинки териштирүү башталды. Эркек ооруканда. Өзүнө өзү кол салып, зыян келтиргени аныкталды  «, — деп билдирди  Костанай областынын  полиция департаментинин пресс-кызматы.  

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button