Карапайым белорустар чындыкты айтып чыркырап жатышат. Бийликке баары бир

Белоруссияда канча киши коронавирс инфекциясы менен ооруп жатканын иш жүзүндө эч ким билбейт. Соцжеледе белорустар бири-бирине жазышып жаткандай, бир да бирөө эч кандай тест тапшыра алышпайт. Пневмониясы айдан ачык билинип тургандарды да тестирлешпейт, деп жазды “Московский комсомолец”, 5-июнда.
«Кишинин температурасы көтөрүлүп, оорунун баардык симптомдору билинип турса дагы, коронавируска тестирлегенге эч ким жөнөтпөйт». «Смолевич районунун санитардык станциясы коронавируска оң тест чыккан киши бир дагы контакт жөнүндө айткан жок деп билдирген. Ошол эле учурда коронавируска оң тест чыккан киши айылдын жарымы менен контактта болгон. Санитардык станцияга анын кызыгы да жок».
«Үй-бүлөөбүз менен ооруп атабыз (7 киши), 2 жумадан бери. Тумоонун бүт белгилери бар (температура, даамды жана жытты сезбөө ж. б.). Жубайым — медкызматкер, Эне ордени менен сыйланган, оорусу өтө оор өтүп жатат. Эки жолу ооруканага алып бардым, коронавируска тест тапшырсын, оорусун иликтешсин деп. Өпкөсүнүн кээ бир жерлери “күңүрт айнекке” («матовое стекло» – коронавирустун өпкөдөгү эң башкы симптому) окшоп турат. Биз сурансак дагы, бир да жолу тестирлешкен жок. Бул окуя болгондо да областтын борборунда болуп жатат».
«Калпычылык кандай жанга батты… Менде баардык симптомдор бар болчу, температурам үч жума боюу көтөрүлүп-түшүп жатты, жөтөл, жыт сезе албайм, көкүрөгүм басылбай ооруп жатты. Бирок аябай сурансам дагы бир да жолу менден тестке анализ алышкан жок. Менин баардык суроолорума: пневмонияны кандай дарыласак ошондой дарылоо болот, тесттин эч кандай кажети жок, деген жооп алдым».
Белоруссиянын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий билдирүүсүнө караганда 9,5 миллион элдүү Белоруссияда 6-июнга карата тумоологондор 47 751 киши, каза тапканы 263 адам.
Эскерте кетсек, 14-апрелде Белоруссиянын 26 жылдан берки президенти Лукашенко «өлкөдө коронавирус жок, болсо да келбейт, келсе да андан эч ким өлбөйт, мен кепилдик берем» деген. Иш жүзүндө баары теңирден тескери болуп чыкты.
Abal.kg