Коом

Кыргызстанда коронавирус дагы 33 бейтаптан бышыкталды

Республикалык ыкчам штабда 7-июнга карата эпидемиологиялык абал тууралуу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, мамлекеттин башкы санитардык врачы Нурболот Үсөнбаев статистикалык маалымат берди.

Башкы санитардык врачтын айтуусуна караганда акыркы бир сутканын ичинде 60 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган. Жалпысанан айыккандардын саны 1440 адамга жетти, деп билдирди Нурболот Үсөнбаев. Ошол эле учурда дагы 33 жаңы бейтап катталды, деп айтты министрдин орунбасары. Анын ичинен мурунку күндөрдөгүдөй эле 7 адамдын каяктан жугузуп алганы тактала электигин, бирок иликтөө иштери жүрүп жатканын айтты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button