Коом

Көчтүн жолун тосуп, ата-салтына кыянаттык кылгандарга жол болсун

Жай мезгили келип, эл-журт жайлоого көчүү-конуу түйшүгүн ойлоп жаткан учурда, калктын ынтымагын, аны менен кошо ырыскысын качырган окуялар орун алып жатат. Алсак, 2020-жылдын 5-июнунда Нарын районунун Жерге-Тал айылынын жашоочулары Кум-Бел жайлоосуна көчүп келе жаткан Кочкор районунун малчыларын көздөгөн жерине өткөрбөй коюшту.

Эзелтен келаткан кыргыз салты боюнча көчтү утурлай суусун сунуп аманчылыгын суроо, алар конгон конушка барып малчыларды өрүлүктөө кажет. Качан кыргыз көчтүн жолун тосчу эле?! Качан бизде көчтүн жолуна бөгөт болуп, өткөрбөй койгон салт бар эле?! Качан аксакалдар акыл айткандын ордуна, акыл-эси токтоло элек жаш балдарды тескери жолго көкүтүп, көчтүн жолун тосууга, чыр-чатак чыгарууга үндөп турчу эле?!

Жерге-Талдыктар минтип жаман жорук баштап, ата салтына кыянат кылганы менен жалпы эле Тенир-Тоолуктарды кеп-сөзгө калтыра турган болуп калды окшойт. Бир кумалак бир карын майды чиритет болуп, бир айылдын ичи тардыгынан улам, бүтүндөй бир облус уятка калды көрүнөт. 

«Жаман катын эр коруйт, жаман эркек жер коруйт» деп нускалуу макал бар. Жайыттар – жалпы элдин байлыгы. Анан аны эске албай, жеке кызыкчылыкка алдырып, аны коруган адамдар ким болуп калат?

Айтор нарындыктар жана кочкорлуктар – бардыгы теӊ Кыргыз Республикасынын жарандары. Алар жайыт пайдалануучу катары мыйзам талап кылган тиешелүү шарттарды ишке ашырышкандан кийин гана, б.а. жайыт белеттерин алып, жайыт үчүн акы төлөшкөндөн кийин гана жайлоого чыга алышат. Мыйзамдын тили менен айта турган болсок, Жерге-Талдыктар к­өчтун жолу тосуу менен кыянаттык кылып жатышат.

Жерге-Талдыктар жүйөө катары Кум-Бел жайлоосу биздин айылга таандык, бул жерде биздин гана мал-жаныбыз жайылсын деп жатышат. Бирок Кум-Бел жайлоосу Нарын районунун административдик аймагында болгону менен, Кочкор районунун малчыларына пайдаланууга берилген. Ошол эле маалда Жерге-Талдыктар деле жайытсыз калган жери жок, аларга Аксай өрөөнүнөн кенен жайыттар берилген.

Азыр элдин колундагы төрт түлүк малдын башы жылдан жылга арбууда. Жайыт талаш да ошондон улам чыгып жатат. А бирок, ошол эле маалда элдин пейили улам тарып бараткандай…

Алтынбек Карабаев

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button