(Видео)Гиннесстин китебине кирген 95 жаштагы гимнастка Иоханна Кваастын трюктары
1925-жылы туулган, немец гимнасткасы Иоханна Кваас, 2012-жылы 13-сентябрда, 87 жашында дүйнөдөгү эң улгайган гимнастка катары Гиннесттин рекорддор китебине кирген. Анын улгайган кездеги спорттук жетишкендиктери тартылган роликтери миллиондогон кишилерди суктантып, хитке айланган.
Гимнастиканы жаш кези өткөндөн кийин таштап койгон Иоханна, кайра 57 жашында машыга баштап, чемпиондук титулду жеңип алган. Ошондон тартып, гимнастика менен тынымсыз машыгып келе жатат. Иоханна Кваастын спорттук практикасы бир нерсени айныксыз далилдейт — эегер адам алдына чоң максат койсо жана ага умтулуп, тынымсыз аркеттенсе, мына ушундай натыфйжа берет.
Иоханна Кваастын дене мүчөсүн, гимнастикалык трюктарын көргөн адам анын ушунча жашка барганына ишенбейт болуш керек. Бирок, факты эч нерсени тандырбайт.
Төмөндөгү роликте анын 91 жаштагы трюктары көрсөтүлгөн.
Abal.kg