Рактын дарысы коронавирусту жеңет. Америкалык окумуштуулардын жаңы табылгасы

Америкалык окумуштуулар коронавирус инфекциясынын оор формасы менен сыркоологондорду сактап калууга жөндөмдүү жаңы дармек табышты. Клиникага чейинки иликтөөлөр көрсөткөндөй, кандын рак болуусунан дарылаган акалабрутиниб дарысы коронавирус инфекциясынан жабыркаган оор абалдагы сыркоолорду сактап калууга жөндөмдүү. Бул дармек спецификалык белокту блоктойт жана өпкөнүн гипер кабылдоосун азайтат. Бул туурасында Science Immunology журналына чыккан макалада айтылган, деп билдирди 8-июнда Lenta.ru.
19 оор абалдагы бейтапка сыноо жүргүзүлгөндө (анын сегизи өпкөнү жасалма дем алдырууга жаткырылган) акалабрутиниб Брутондун тирозинкиназу белогун (ВТК) блоктоору ишке ашты. Натыйжада респиратордук дистресс жана иммундук жооп берүүнүн ашыкча активдүүлүгүнүн тобокели азайтылган. Бирок, бул натыйжа клиниканын шартында көзөмөлдөнгөн иликтөөлөр жүргүзүлүшү аркылуу текшерилиши зарыл. Анын үстүнө бул шарт коркунучсуз дозаны аныктоо үчүн да керек.
ВТК иммунитеттин жана кабылдоого каршы цитокиндин сигналдык молекулаларын бөлүп чыгара турган макрофагдын нормалдуу иштеши үчүн керек. Цитокиндер инфекция түшкөндө организмдин андан коргоно турган реакциясын жөнгө салууга жардамдашчу ортомчунун милдетин аткарат. Бирок, COVID-19дун оор формасында цитокиндердин организмге ашыкча чыгышы ишке ашып кетет. А бул өпкөнүн функциясынын бузулушуна алып келет. Мындай гиперкабылдоо абалы цитокин шторму деп аталат да, азыр илдеттин ушул стадиясында дарылоонун текшерилген стратегиясы жок.
Abal.kg