Коом

Бишкектеги № 12 бейтапкананын дарыгеринен коронавирус аныкталды

Бишкек шаарынданы № 12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун педиатрынан коронавирус аныкталды.

Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Анын айтымында оору жуктуруп алган дарыгер коронавирус менен ооруган кайниси менен байланышта болгон. Учурда дарыгерлер борборунун баардык кызматкерлеринен анализ алынды, эч кимден бул инфекция аныкталган жок.

Эскерте кетсек, буга чейин № 3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 9 кызматкеринен коронавирус аныкталып, жетекчиси Жүзүм Кокумбаева каза болгон. Ал эми № 17 бейтапканадан сегиз медкызматкер жуктуруп алып, дарыланган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button