Коом

Облустук “гипрозем” ишканасынын жетекчиси Алай менен Кара-Суунун элин чабыштырганы жатабы?

Учурда, Нарын облусунун 2 районунун эли, жайыт талашып жаӊжалдашып жатат. Ага Кочкор жана Нарын районунун айрым талаш жайыттары себеп болууда. Элдер жол тосуп, жергиликтүү бийликке баш ийбей тирешкен өкүнүчтүү жагдай түзүлдү. Мындай абал бир облусутун элинин ортосундагы мамиленин өзгөрүшүнө алып келди. Ички аймактарды талашып, бир тууган эл тирешкени уят нерсе. Ансыз дагы Баткенде такталбаган чек-ара аймагы элдин көйгөйү болуп чакта.

Нарындагыдай жер талаш, жакында Кара-Суу менен Алай районунун ортосунда дагы болушу ыктымал. Себеби, буга чейин Кара-Суу районуну аймагына караштуу Чыйырчык ашуусундагы участканы, учурда Алай районуна өткөрүп салуу аракети жүрүп жатканы тууралуу маалыматтарды алдык. Ош облусутук мамлекеттик жер ресурстар институтунун жетекчиси Төлөнов, картаны башынан чийдирип, мурдагы бөлүнгөн аймактарды жокко чыгарууга аракет кылып жатканы кабарланды. Маалыматка караганда, Чыйырчык ашуусундагы участок Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагына карайт. Акыркы жолу 1987-жылы бекитилген картада дагы белгиленип, бир нече жолку комиссия дагы Кара-Суу районунун аймагына кирет деп чечим чыгарган. Ага карабай чыр чыгарууга себеп жараткан аракеттерге Төлөнов эмнеге барып жатканы кызык болууда? Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып жатабы же артында кимдир бирөө турабы деген суроо жаралат. Эки райондун картасын башынан чийдирүүгө эмне түрткү болду экен?

Бизге, аймактардын бөлүнгөн баштапкы тарыхы картасы жана учурда даярдалып жаткан жаӊы картанын үлгүсүнө кошулуп, бир топ документтер колубузга тийди. Жакында облусутук “гипрозем” ишканасына суроолор менен кайрылабыз. Облустук ишкананын мындай өзүм билемдик аракети боюнча, Өкмөттүн кабары барбы? Ансыз дагы чек-ара чыры элдин тынчын алып жатканда, ички аймактар үчүн талашып-тартышпай эле койсок болот эле!

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button