Коом

Түштүк Кореяда коронавирус жайылган учурда шайлоо кандай талаптар менен өткөн (видео)

Түштүк Кореяда 2020-жылдын 15-апрелинде коронавирус пандемиясынын учурунда парламентке шайлоо болуп өттү. Кореянын Улуттук шайлоо комиссиясы жана мамлекеттик органдары акыркы 28 жылдын ичинде шайлоого келгендердин саны абдан жогору болгондугун белгиледи.  Бул күндү Кореяда атайын дем алыш күн деп жарыялашкан.  Корея бийлиги добуш берүүнү уюштуруу үчүн  550 миң кишини ишке тартышкан.

Алар 14 миң шайлоо участкасын дезинфекциялап, шайлоочуларга социалдык аралыкты сактоо үчүн жерди чийип белгилешкен. Шайлоочулар участокко беткап жана кол кап кийип келишкен. Кабиналарга кезекке туруу үчүн бир метрден аралыкты сактап туруу талабы коюлган.

Кире бериште шайлоочулардын колуна дезинфектор  менен вируска каршы каражатты чачып, дене табын текшеришкен. Кабиналар ар бир келген адамдан кийин дезинфекцияланып турду.

Ал эми шайлоого катышкан ар бир партия үгүт иштерин жүргүзүштү. Алар жеке визиттик карточкаларын таратып, плакаттарды илишти, дебаттарга катышып, социалдык тармактарда иштешти. Шаарлардын жана айылдардын көчөлөрүн талапкерлер тарабынан дезинфекциялоо 2020-жылдагы шайлоо өнөктүгүнүн тренди болду. 

Шайлоонун коопсуз өткөндүгү  эки жумадан кийин баа берилиши мүмкүн эле. Ушул убакыттын аралыгында өлкө боюнча 14төн ашпаган адамда гана оору аныкталган.

Корея Республикасы коронавирус жайылган учурда шайлоону уюштурган дүйнөдө биринчи өлкө болуп калды.

https://www.facebook.com/shailoo.kg/videos/1169320890082540/?t=9

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button