Маданият

Эркектердин Maxim журналынын мукабасына казак кыздын жарым жылаңач фотосу чыгышы ыктымал (фото)

Казактардын арасында өтө сыймыктануу менен айтылып жүргөн «Сногсшибательна леди, в будущем жена и мать», «Бомба», «Прелестная», «С ума свела», «Аппетитная», «Шикарная», «Восхитительная», «Секси», — деген эпитеттери бар модель Акерке Искакованы, күйөрмандары кызуу колдоп жатышат. Анткени Акерке эркектердин популярдуу культтук журналы Maximдин мукабасына чыгуу үчүн дүйнөнүн 700 кызы катышып жаткан конкурста ат салышты, деп билдирет NUR.KZ маалымат агенттиги.

Азыркы тапта Казакстандан катышып жаткан Акерке Искакова өз тобунда биринчи орунду ээлеп турат. Мындай топтор 20. Ар бир топто 35тен кыз бар. Maxim Cover Girls конкурсу онлайн режиминде колдонуучулардын добуш берүүсү аркылуу чечилет. Алган добуштарына жараша катышып жатышкан кыздардын саны улам кыскарып олтуруп, акыры бирөө гана калат. Ал жеңүүчү деп аталып, журналдын жаңы санынын сырткы бетине фотосу чыгарылат. Сүйүктүү журналы Maximдин мукабасын көрктөө анын купуя тилеги экенин Акерке жашырбайт. Конкурстун алкагында Акерке чакан интервью берип өзүнүн өзгөчө таланты тууралуу айткан. «Менинимче менин ийгилигим – өзүмдү дайыма бактылуу сезгендигимде болсо керек. Мен дайыма жүрөгүмдө жарык бар экенин туям жана ар дайым жылмайып жүрөм. Баса, мен бийлегенди жакшы көрөм, музыканы жана ритмди сезем, мен сүйгөн спорттун түрү — фехтование», — деп айтты кыз.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button