Жердин «копиясы» табылды. Окумуштуулар ал планетада жашоо болушу мүмкүн дешүүдө

Азыркы учурда бул планета биздин жер шарына өтө окшош.
Макс Планк Коомунун Күн системасын иликтөөчү институтунун адистери өз сайтында күн тибиндеги жылдыздын системасында жайгашкан Жер планетасына окшош планетаны табышканынын кыскача отчетун жарыялашкан. Бул туурасында Погода Mail.ru 8-июнда жазып чыкты.
Окумуштуулардын айтымына караганда Kepler-160 жылдызы жана анын KOI-456.04 планетасы, азыркы учурда Күн менен Жердин өтө жакын «копиясын» элестетишет.
Күнгө окшош жылдыздын тегерегинде айланган Жерге окош планета биздин Күн системасынан 3000 жарык жылына барабар аралыкта жайгашкан.
Астрономдор эчактан бери эле Kepler-160 жылдызы менен анын эки — Kepler-160b жана Kepler-160c планетасына байкоо жүргүзүп келе жатышат (экөө тең Жерден бир топ эле чоң). Бирок, жакында окумуштуулар дагы бир көзгө көрүнбөгөн планета болушу мүмкүн деген божомолго келишти.

«Кеплер» телескопунун архивдик материалдарынын негизинде, алар мурда белгисиз болгон KOI-456.04 планетасын таап чыгышты.
Анын радиусу Жердин 1,9 радиусуна барабар да, өз жылдызын 378 күндүн ичинде тегеренип чыгат. Мындан сырткаары бул планета жашоонун жышааны бар зонада айланат, демек өмүр сүрүүгө боло турган жай болушу мүмкүн.
Abal.kg



