Саясат

Кыргызстан Казакстандын экспорт-импорттогу айырма тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбесин билдирди

Кыргызстан Казакстандын ортодогу экспорт-импорт тууралуу маалыматта эселеген айырма бар деген билдирүүсүн төгүндөөдө. Бул маселе 9-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында талкууланды.

Экономика министри Санжар Мукамбетов кыргыз тарапта Казакстандын “10 эселик айырма бар” деген билдирүүсү негизсиз экенин далилдөөчү маалымат бар экенин айтты.

Комитеттин төрагасы Исхак Пирматовдун “Бизге чоң айып коюлууда, эл аралык аренада өлкөбүздүн аброю болуп көрбөгөндөй жапа чегүүдө. Казакстандын Каржы министрлиги жарыялаган маалыматты сиздер расмий түрдө төгүндөйсүздөрбү?” деген суроосуна экономика министри:

“Албетте, биз аны иликтеп, төгүндөп жатабыз. Эки күндөн бери жолугушуп жатабыз. Бизде далилдөөчү маалыматтар бар. Коллегиянын кезексиз отурумун биз да демилгелеп, бул маселени киргизип жатабыз” деп жооп берди.

Казакстандын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик кирешелер боюнча комитети 8-июнда билдирүү таратып, эки өлкөнүн товарлардын экспорт жана импорт боюнча маалыматтарында 10 эселик айырма бар экенин маалымдаган. Маалыматта акыркы бир жарым жыл ичинде (январь, 2019 – июнь, 2020) Кыргызстандан Казакстанга транзитти эсепке албаганда, 79 163 жүк ташуучу унаа кирүүгө аракет кылганы, бажыдагы түрдүү текшерүүлөрдүн натыйжасында алардын басымдуу бөлүгүндө товарларды мыйзамсыз, жасалма документтер менен алып өтүү аракети аныкталганы белгиленген.

Парламенттик комитеттин жыйынында бүгүнкү күндө кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” бекетинде жүк ташуучу автомашиналардан узундугу жети чакырымга жеткен кезек түзүлгөнү, алар казак тарапка өтө албай жатканы айтылды.

Кыргызстан да, Казакстан да Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) тең укуктуу мүчөсү. Бул уюм 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы Армения менен Кыргызстан кошулган.

Соңку жылдары ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирүүдө. 

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button