«Журт атасы» макамынын артыкчылыктары деген провокациялык жалган маалымат тарады

Адамдар барган сайын уят-сыйды жыйыштырып коюп эле ар кандай жалган кептерди, ушак айыңдарды таратууга ыктап баратканы өкүндүрөт.
Ага эмне негиз болуп жатканы деле түшүнүксүз. Ары ойлонуп, бери ойлонсоң, барып эле ошол акчанын азабынан бирөөнү жамандоого өтүп алдык окшойт.
Тилекке каршы, маалымат агенттиктери менен социалдык түйүндөрдө буга абдан жол берилип келе жатат. Жакында эле «Журт атасы» макамынын артыкчылыктары деген бир таптаза провокациялык жалган маалымат жарыяланып кетти.
Бу шайлоонун шайтан оюндары башталганы саясый күчтөрдүн ортосундагы саясый күрөш күч алып, жөн жерден эле жаманатты кылуу өнөкөткө айланып барат.
Бул азыркы президентке жан тарткандык деле эмес. Бирок калыстык ачык айтылып турбаса, каратып туруп жамандоолорго каяша айтылып турбаса, каралоо каронавирустан дагы жаман жайылып кетпесин деген тилек.
Сооронбай Жээнбеков же тарапташтары тарабынан анын журт атасы болууга кандайдыр бир себеп боло турганын сүйлөдүбү? Албетте, жок. Ал тургай бул тууралуу имиштер да жок, «Калк айтса, калп айтпайт» дей тургандай.
Азыр өлкө башында өтө эле көп көйгөй турганда мамлекет башчысынын журт башчысы болууну самаганга дагы убактысы жок. Кайсы гана адам бийлик башына келбесин, алгач элин жакшы турмушка жеткирим алсам, сыйына татысам, атым жаманатты болуп тарыхта калбаса экен, тескерисинче элин баккан, өлкөсүн кризистен ушу адам чыгарып кеткен деген сөзгө жетсем деген жөнөкөй тилектер менен иштейт да.
Анан туруп-туруп эле анын ушундай ою бар дегенди ачык туюнта албай эле «кагазга ороп» берип, жаманаттуу кылуу аракетин жасоонун өзү акмакчылык эмеспи.
Бул Кудайга жакпаган, чоң күнөө иш экенин ушуну жазган адам деле билбейт көрүнөт.
Андыктан, ниетибизди оңдойлу, пейилибизди түздөйлү урматтуу туугандар, жалпы кыргыз эли. Көбүрөөк оң маанайдагы сөздөрдү айталы, ошондо ишибиз оңолот.
Саясый сокку, өч алуу деп эле жалган маалыматтарды канча көп таратсак, өзүбүзгө дагы, элибизге дагы ошончолук жаман иштер көп болот. Кудай дейли! Кесепети тийип калбасын!
Алтынбек Карабаев