Нур-Султан менен Алматыга катуу карантин кайрадан киргизилиши күтүлүүдө

Казакстандын башкы санитардык врачы Айжан Есмагамбетова, Facebookтагы «Минздрав сообщает» берүүсүнүн эфиринде, жакынкы арада Нур-Султан менен Алматы калааларында кайрадан карантин күчөтүлүп, соода борборлору менен кафелердин жабылышына алып келиши күтүлөбү деген суроолор туурасында айтты, деп билдирди NUR.KZ, 9-июнда.
Санврач Айжан Есмагамбетова жакында эле Алматы областында коронавирус инфекциясынын жайылышы өскөнүнө байланыштуу (7%тен ашып кеткен) карантин кайрадан күчөтүлгөндүгүн белгиледи. Өткөн жуманын ичинде Нур-Султан менен Алматыга бүтүндөй Казакстан боюнча илдет жуктургандардын 30%и туура келгендигин айтты. Журналисттерди астаналыктар менен алматылыктар карантиндин күчөшүн күтүшсө болобу деген суроо кызыктырды. Есмагамбетова саламаттык сактоо министрлиги адегенде жалпы өлкө боюча кырдаалга баасын берип, андан соң айрым конкреттүү аймактардагы абалды карап көрөт деп жооп берди. Ошол эле учурда жалаң гана илдеттин жайылышынын өсүүсү эмес, андан сырткаары объектерде карантиндин сакталуусу, беткап тагынуусу жана социалдык аралыкты сактоосу, жуктургандардын саны ж. б. учурлар да эске алынып, эсепке кирет. Азырынча Нур-Султан менен Алматыда карантинди күчөтүү тууралуу сөз боло элек, бирок, эгерде жогоруда аталган чаралар сакталбаса жана ал, «баланстын» бузулушуна алып келе турган болсо, анда карантин кайра киргизилет. Мисалга, аталган эки шаарда карантинге текшерилген объекттердин дээрлик жарымы санитардык чараларды бузуп жатышат – бул эпидемиологиялык абалдын оорлошуна алып келиши ыктымал.Конкреттү шаар же аймак боюнча чечимди жергиликтүү санитардык врач кабыл алат — анын чечимине ылайык эпидемиологиялык абал курчуса, соода борборлору, кафелер ж. б. оъбекттер кайрадан жабылат, деп белгиледи мамлекеттин башкы санитардык врачы.
Abal.kg