Кыргызстан ЕАЭБдеги жасалма-бажы көзөмөлүнө каршы

КР Экономика министрлигинин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, Кыргызстан кызыкдар тараптардын катышуусу менен бажы тармагында “жол картасын” иштеп чыгуу боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу тобунун түзүлүшүнүн максатка туура келбей тургандыгын билдирет. Себеби, казак тараптын мындай демилгеси иш жүзүндө жасалма бажы көзөмөлүнө гана алып келет.
Кыргызстан анын ордуна ЕАЭБ өлкөлөрүнө 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттар боюнча өнүктүрүү иштерин ишке ашырууну ылдамдатууну сунуштайт.
Тактап айтканда товарларды көзөмөлдөө системасын киргизүү, бажы документтерин толтуруучу жерлерде координацияланган бажы көзөмөлүн киргизүү, товарларды коштогон электрондук документтерди өз ара таануу жана маалыматтарды алмашуу механизмин киргизүүнү тездетүү зарыл.
Эгер мындай иштер жүзөгө ашса, жогорудагы иш-чаралар кошумча тоскоолдугу жок эле эсепке кирбей жаткан товар айланууларды көмүскөдөн ачыкка чыгарат эле. Ошондой эле товарларды маркировкалоо жана көзөмөлдөөгө алуунун механизмдери жөнүндөгү макулдашууларды тезирээк ишке ашыруу да учурдун талабы экендиги айтылды.
Abal.kg